Аламүдүн районунда 10 жаштагы кыз жана 17 жаштагы бала сууга чөгүп кетип каза табышты

Аламүдүн районунда 10 жаштагы кыз жана 17 жаштагы бала сууга чөгүп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда саат 13:20да КРнын ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматына Кашка-Суу айылындагы көлмөгө 10 жаштагы Н. кызы Мээрим чөгүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Куткаруучулар кыздын жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ошондой эле саат 15:20да Куткаруу кызматына Ала-Тоо айылында Сузак районунун 17 жаштагы Б.Сулайманов аттуу тургуну сууга чөккөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар барып, өспүрүмдүн денесин суудан алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mashirapova
2016-07-14 09:21:46
Жаткан жерлери жайлуу болсун
0
Nazik.
2016-07-14 09:36:15
Не деген шумдук! Ар куну ушундай кабар окучу болдук го! Журогум ооруп, заматта маанайым чөгө тушөт ушундай жаман кабар окуганымда(((
+1
Mediziner
2016-07-14 09:42:37
Nazik.,ошону айтсаңыз(( сууга түшүп каза тапкандар көп болууда акыркы учурлары..
0
Beko87
2016-07-14 10:16:47
Тургундар сууга тушчуу жерлерге кутткаруучу койуш керек!алдын алса бомок чондор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан