Ала-Бука районундагы Чанач-Сай суу сактагычына 26 жаштагы жергиликтүү тургун чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-июль күнү саат 18:30 чамасында Чанач-Сай суу сактагычына Ак-Коргон айылынын 1990-жылы туулган тургуну Муратжан Исламов чөгүп кеткен. Ошол эле күнү куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. Издөө иштери бүгүн да уланат.