Сокулук районунда айдоочу унаасы менен арыкка түшүп кетип, 10 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Романовка-Селекция айылдарынын ортосундагы трассада Мазда үлгүсүндөгү унаа арыкка түшүп кеткен. Унаада 3 жүргүнчү болгон, алардын бири 2006-жылы туулган М.Константин сол ийини сынып ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар баланы унаадан алып чыгып, биринчи тез жардам көрсөтүшкөн.