Чүй облусунда 58 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Чүй облусунда 58 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башында 49 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 2015-жылдын ноябрь айында чала тааныш эки адам Ауди А-6 унаасын сатып алышып, бирок акчасын ушул убакка чейин бербей качып жүрүшкөнүн айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде Жалал-Абад облусунун 58 жаштагы тургуну М.Н. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан