Германия тарыхындагы биринчи аял канцлер, "Forbes" журналынын версиясы боюнча акыркы 11 жылда 8 жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын тизмесин толуктаган Ангела Меркель 13-июлда Кыргыз жерине алгачкы расмий сапары менен келди. Ири державаны башкаруу жөнөкөй аялзатынын колунан келбеген иш. Орус, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн, SMS-билдирүү жазганды жакшы көрүп, иттен корккон канцлер айымдын өмүр жолу тууралуу сөз кылабыз.
Ангела Меркель 1954-жылдын 17-июлунда Германиянын Гамбург шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Кесиби боюнча физик. Ал окуучу кезинде мектеп олимпиадаларында орус тили боюнча башкы орунду ээлеп, Москва шаарына келип кеткен. Орус тилинде эркин сүйлөгөн Меркелдин: "Путин менен жолукканда орусча сүйлөшсөм дейм, бирок ал да мени менен эмнегедир немис тилинде маектешкиси келет", - деп айтканы бар. 2005-жылы Москвага келген учурунда котормочудан баш тартып, өзү орус тилинде жай, абайлап, тырышчаак окуучудай сүйлөгөнү маалымат айдыңында айтылып жүрөт.
Европанын "темир аялы" аталган Меркель иттен аябай коркот. 1995-жылы коңшусунун ити бутун тиштеп алган окуядан соң ит анын фобиясына айланган. Андыктан анын жан сакчылары канцлер расмий визит менен кайда барбасын, ал жерде иттер болбогонун талап кылышат.
2007-жылы Путин Меркелди өзүнүн Крымдагы резиденциясына чакырган. ММКлар үчүн фотоссесия учурунда Орусия башчысы менен немис канцлери отурган бөлмөгө Путиндин ири породадагы кара ити кирип келген. Ошол учурда Меркель айым араң өзүн колго алган. "The New York Times" басылмасы убагында "Владимир Путин орус-немис жолугушууларына көбүнчө өзү менен кошо итин алып алат. Ал Меркелдин иттерден коркорун жакшы билчү" деп жазып чыккан. Бул окуядан соң Путин Ангела айымдан кечирим сураганы, маектешинин иттен коркорун билбегени айтылат.
Көпчүлүк серепчилер канцлерди харизмасы жок жана демилгесиз деп эсептешип, ийгилик сыры эмнеде экенин түшүнбөй келишет. Меркель чыр-чатактарды буйтап өткөн таланты менен да белгилүү. Андыктан кээ бир саясий атаандаштары аны "эт менен челдин ортосунда" деп да аташат. Бирок айрымдары Ангела айымдын күчү анын өзүн ар дайым токтоо, сабырдуу алып жүргөндүгүндө деп белгилешет. Анын иш столунда "Күч сабырдуулукта" деген жазуу турары айтылат.
Кызыгы, Ангела Меркель жөнөкөй жарандардын арасында өзгөчө популярдуу. Жалпы элдин сүймөнчүгүнө ээ болуусунун себеби - ал өзүнүн жогорку даражасын бөлүп көрсөтүп, өзгөчөлөнгүсү келбейт. Жупуну кийинүү, классика, ыңгайлуу кийим анын негизги гардеробун жана стилин түзөт. Түрлөнүп кийинүүсү менен да өзгөчөлөнбөйт. Ошондуктан анын бул жөнөкөйлүгү интернетте талкуулардын негизги темасына айланат.
Ангела Меркель Германиянын мурунку канцлерлеринен айырмаланып, кызматтык үйдөн баш тарткан. Учурда Берлин шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан батирде күйөөсү менен жашайт.
Ал жашаган имарат башка имараттардан эч бир айырмаланбайт, батирди болгону эки полиция кызматкери кайтарат. Кире беришиндеги коңгуроо кагылчу жайда канцлердин күйөөсүнүн фамилиясы "Prof. Sauer" (Профессор Зауэр) жазылган.
Канцлердин кошуналары канцлер менен күйөөсү саат 7:45те жумушка кетерин билишет. Ага карабай туристтердин үйдүн айланасына топтолуп каларына кошуналары таң каларын жашырышпайт.
Канцлердин карамагында күнү-түнү кызмат кылган автоунаа бар. Меркель өзү үчүн Audi A8 үлгүсүндөгү унааны тандап алган.
Ангела Меркель 1977-жылы Ульрих Меркелге турмушка чыгып, күйөөсүнүн фамилиясын алган. 1982-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Экинчи жолдошу Иоахим Зауэр менен 1984-жылы таанышкан. Бир нече жылдык мамиледен соң 1998-жылы расмий түрдө баш кошушкан. Канцлер балалуу болгон эмес, ал эми азыркы жолдошунун мурунку никесинен 2 уулу бар.
Канцлердин окумуштуу күйөөсү Зауэр аялынын саясий карьерасынын арты менен белгилүү болууга жетишкен. Ошентсе да коомдо популярдуу болууну жактырбайт. Ал тургай аялынын инаугурациясына да катышкан эмес, бирок болуп жаткан окуяларды өзү эмгектенген окуу жайдан сыналгы аркылуу карап турган.