Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карап жатат. Анда кылмышка шектүү Айдай Субанованын курбусу Ч.М. суракка алынды.
“Мен Айдайды 6-класстан бери тааныйм. Окуя болордон мурун экөөбүз Ысык-Көлдөн келгенбиз. Мен Айдайга акча беришим керек болчу. Соода борборлорунун бирине кирип банкоматтан акча алып, ага бергем. Биз 5 мүнөттөй сүйлөшүп, анан тарап кеткенбиз. Алардын үй-бүлөлүк мамилеси тууралуу эч кандай маалыматым жок. Окуя тууралуу интернет булактарынан билдим”, - деди күбө.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.