Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан 1,5 жаштагы бала кулап кетти

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан 1,5 жаштагы бала кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө кечээ саат 13:35те "Л.Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан 1,5 жаштагы бала кулап кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер бала башынан оор жаракат алып, кабыргалары, жамбаш сөөгү сынып жана көптөгөн жаракаттарды алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ал тез арада ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
leilek_suluktu
2016-07-14 12:13:33
Энеси кайда журот каравай
0
nazi25
2016-07-14 12:17:53
Иий, кырсык да. Айыгып кетсин көрбөгөндөй болуп.
+4
FSB
2016-07-14 14:41:59
Enesinin joopkerchiliksizdigi sebep boluptur da kyrsykka.
0
sgushenka
2016-07-15 00:12:36
Эне деген неме интернет чукуп отурса керекда. Биз кичинекейибизде атам балкондун айнектерине эки катар рейкадан кагып койчу эле, эсимде ошол. Кокустук болуп кетпесин деген максатта. А башка комнаттардын айнектеринен апам такыр каратпайт болчу. Эми неси болсо да кырсык болуп кеттида, бала аман эсен чыксын. Апасынын журогу бычаксыз тилинип жаткандыр...(((
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан