SUPER.KG порталынын редакциясына Сокулук районунун Чолпон Алымова аттуу тургуну кайрылып, чоочун адамдар анын жашап жаткан үйүн мыйзамсыз бузуп, эки небереси менен көчөдө калганын айткан. Мындан улам окуяны жеринен билип келүү үчүн Маловодное айылына барганыбызда, чынында эле үч бөлмөлүү турак үйдүн бузулуп жатканын көрдүк.
"Үй ээсимин" деген Чолпон Алымова окуя боюнча буларга токтолду: “8-июль күнү эртең менен айыл башчы Тууганбек Түлкүбаев чоочун он чакты бала менен келип “Чолпон, үйдөн чык, там булардыкы экен” деп кетти. А мен “Иш сотто болсо, бул кандайча?” деп милиция кызматкерлерин чакырдым. Алар келгенде чогулган балдар кетишкен, бирок ошол эле күнү кечке маал кайра келишип, үйүмдү мыйзамсыз бузушту”.
Каарманыбыздын айтымында, ал бул тамды 1997-жылы сатып алган. Кийин экинчи күйөөсү Догдурбек Акматов үйдү өзүнө каттатып алат. Чырдын баары ал каза болгондон кийин башталган.
“Экинчи күйөөм мындан 3 жыл мурун каза болгон. Ал өтүп кеткенден кийин биринчи никесиндеги баласы Уланбек Акматов үйдү талаша баштады. 2015-жылдын октябрь айында Сокулук райондук сотунун судьясы Т.Бекешов анын пайдасына чечти. Мен Чүй облустук сотуна арыздандым. Сот чечимди жокко чыгарып, кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн. Учурда ошол иш Сокулук райондук сотунда каралып жатат. Уланбек Акматов болсо талаш үйдү үчүнчү тарапка сатып жиберген. Эми ошол сатып алган тарап жашап жаткан үйүмдү бузуп кетти”, - деп кошумчалады Алымова.
Ал эми Чолпон Алымованын жактоочусу Ниязаалы Бекбердинов үйдүн сатылышы да, бузулушу да мыйзамсыз экенине токтолду.
“Үйдөн чыгаруу процесси сот аткаруучу, аймактык милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда болуш керек эле. Бирок ал жерде эч кандай мыйзам сакталган эмес. Иш сотто болсо, бирөөнүн үйүн бузууга кимдин кандай акысы бар? Ошондой эле үйдүн сатылышы да мыйзамсыз болуп жатат. Анткени үчүнчү тарап көтөрүп келген Кызыл китепте үй башка адамдын атында экен. Кийин Мамлекеттик каттоо кызматына барып текшерткенимде үй Догдурбек Акматовдун наамында эле болгон”, - дейт жактоочу.
Ал эми айыл башчы Тууганбек Түлкүбаев баары мыйзам чегинде чечилиш керек экенин айтып, төмөнкүлөрдү билдирди: "8-июль күнү мага үйдү сатып алган тарап келиптир. Аларды Чолпон Алымовага жолуктурдум. Анда Чолпон “бүгүн сот болот, ошол жакка баргыла” деди. А мен “Сот процесси болуп жатса, үй ээси эч ким эмес. Үй ортодо туруп турсун, урушпай-талашпай мыйзам чегинде бөлүшүп алгыла” дегем. Анан мени чакырып калышканынан жумушка кеткем”.
Үйдү сатып алган тараптын эжеси Айчүрөк Усупова менен окуя тууралуу байланышканыбызда, айла жок ошондой жолго барууга туура келгенин билдирди.
“Маловодное айылына 2011-жылы көчүп келгенбиз. Бир күнү коңшу жашаган Догдурбек Акматов келип “3 миң доллар карызым бар, үйдү 10 миң долларга сатам” деп калды. Анан биз 3 миң доллар берип, калганын кийинки жылдын май айында бермек болгонбуз. 7 миң долларды көтөрүп алып барсак “үйдү сатпайм” деп такыр сөзгө келбей койду. Мындан улам сотко арыздандым. 3-отурум болгондон кийин үй ээси каза болуп калды. Ошо менен мураскор аныкталгыча сот 6 айга токтотулду. Кийин сот маркум Догдурбек Акматовдун биринчи никесиндеги баласы Уланбек Акматовду мураскор деп тапкандыктан, ага үйдүн калган акчасы 7 миң долларды бергенбиз. Чолпон Алымовага үч жолу келип, абалды түшүндүрдүк, бирок ал көнгөн жок. Анан айла жок ошол ишке бардык. Эч нерсесине тийген жокпуз, болгону үйдүн чатырын бузганбыз. Анткени оңдо-түзөө иштерин жүргүзүү керек эле”, - деди ал.
Ал эми маркум Догдурбек Акматовдун эжеси Каныш Акматова төмөндөгүлөргө токтолду: “Иним ал үйдү өлөрдөн бир жыл мурун эле саткан. Кийин үйдүн калган акчасын алганыбыз чын. Чолпон жөн эле бет тырмоочулук кылып жатат. Үйдү сатып жатканда ал деле билген да. Ошондо эмнеге чуркабады? Биздин ал жакка эч кандай тиешебиз жок”.
Бул тууралуу тергөөчү Чынгыз Дүйшөбаев менен байланышууга аракет кылдык, бирок телефонун алган жок. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жогорудагы окуя тууралуу эртең жооп алып берерин билдирди.