Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аты-жөнү белгилүү болду

Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аты-жөнү белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин бүгүн, 14-июлда тараткан маалыматына караганда, кырсыктан эки адам каза таап, 4 адам жабыркаган.

1986-жылы туулган Мирлан Жолдошбаев жана 1997-жылы туулган Арген Качкынбаев жол кырсыгынан каза тапкан. Ал эми 1981-жылы туулган Абай Токтогулов, 1996-жылы туулган Тагай Сариев, 1989-жылы туулган Алтынай Татаева, 1991-жылы туулган Токтосун уулу Арсланбек денесинен ар кандай жарааттарды алышып, Ершов райондук ооруканасына жеткирилген”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Айта кетсек, жол кырсыгы 13-июль күнү саат 12:20 чамасында Орусиянын Саратов облусунда болгон. Анда 7 орундуу Тойота Эстима унаасы жолдон чыгып, аңтарылып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akkaynt
2016-07-14 15:37:41
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун !!!
+1
erikkarakulja
2016-07-14 16:19:00
урматтуу супер инфо жабыркагандар кайсыл ооруканада экен кабар берип койсонуздар . биз Саратов шаарында иштеген кыргыздарбыз +79873748583 +79053869404 номерин кабар лап койсонуздар
+2
admin_superstan
2016-07-14 17:15:38
erikkarakulja, саламатсызбы? Кабар толукталды.
0
cubich
2016-07-15 09:20:40
Кыргызстанда жумуш орундары болгондо мындай кырсыктар КЫРГЫЗ эли учун азыраак санда болмок. Корбойсуздорбу уул-кыздарыбыз аркы дуйного эрте кетип жатат.Бул куракта иш деп чанкап турган убактары эле. Эмне дейбиз жаткан жерлери жайлуу болсун, Кыргызстаныбыз эртераак онуккон мамлекттердин катарына кирсин, мындан ары кырсыктар азайсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан