Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндө курулуп жаткан спорттук аянтча бир жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Азиз Маметов билдирди.
"Спорт аянтчасын курууда каржы маселесин жергиликтүү бюджеттен каржылап жатабыз. 2016-жылдын экинчи жарымында айылдык кеңештин депутаттары менен макулдашып, ишти баштоо алдында турабыз. Кышка чейин курулуп бүтөт", - дейт Маметов.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, 2015-жылы аянтчанын курулушуна 200 миң сом каралган. Аянтка шагыл төгүлүп, тосмо тургузууга темирлери орнотулган. Бирок кыш жакындап суук түшүп калганда жумуш токтотулган. Түштүк Кореянын "Семаел кыймылы" аталышындагы уюм спорттук аянтчанын материалдарын алып берген.
Белгилей кетсек, аталган айылда спорттук аянтчанын курулуш иштери 2015-жылдын күз айында башталган.