Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 17 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-июлда саат 14:20 чамасында орун алган. Анда 1999-жылы туулган К.Илим аттуу өспүрүм сууга түшүп жатып чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган КРнын ӨКМнын Издөө-куткаруу кызматынын суучулдары саат 21:10 чамасында өспүрүмдүн жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.