Бишкекте 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 26 жаштагы шаар тургуну изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган Бактыбек Абдысалы уулу 11-июль күнү Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын бою 180-185 сантиметр, спорттук дене түзүлүштө, чачы жана көзү кара. Ошол күнү ак кепка, ак футболка, көк кыска шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн. Эгер аны көрүп-билгендер болсо, (0312) 43-28-15, (0550) 10-28-72, (0772) 18-09-45 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.