Ош. Ок атуучу курал сатууга жана аны мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды

Ошто ок атуучу курал сатууга жана аны мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан 1977-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран кармалган. Иликтөө учурунда анын мурда мүрзөгө катып койгон Калашников автоматын сатууну көздөп жүргөнү белгилүү болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Айта кетсек, ок атуучу курал 2010-жылдын Июнь окуясында жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Artyr1994
2016-07-14 17:52:48
Урматтуу укук коргоо органдары ХХХ ХХХ ХХХ жакшы козомолго алсаныздар жакшы болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан