Ош шаарында 3 жаран "21 жаштагы жүргүнчү кызды унаада зордуктаган" деп шектелүүдө. Жабырлануучу алар кайда барышарын аныктоо үчүн такси менен артынан аңдыган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жол-патрулдук милициянын кызматкерлери мамлекеттик номуру жок Опель Вектра үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу изин жашырууга аракеттенип, акыры Касымбеков-Салиева көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулган. Айдоочу унаасынын мамлекеттик номуру жоктугун ал жакшы кармабайт деп түшүндүргөн. Ошол учурда токтотулган унаанын жанына такси менен кыз келип, унаанын ичиндеги 2 жаран жана айдоочу аны Ош шаары менен Фуркат айылынын ортосунда ээн жерден күч колдонуу менен зордукташканын билдирген. Жабырлануучу шаарга жетүү үчүн жолдон алардын унаасына отурганын жана жагымсыз окуяга туш болгонун билдирген. Ал эми унаанын номурун эстеп калбасын деп айдоочу атайын чечип койгонун кошумчалаган.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.