Германиянын канцлери Ангела Меркель иш сапар алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен да жолугушуп, алар эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багытында пикир алышышканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Төрага Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүү, парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана экономикалык багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. “Кыргыз мамлекети Германия менен экономикалык тармак боюнча кызматташууга, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө кызыкдар”, - деди төрага.
Турсунбеков 2017-жылы Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өтө турганын эске салды. Азыр мамлекет башчысынын, Кыргыз Республикасынын парламенти менен өкмөтүнүн бардык аракети жогорку бийлик тизгинин конституциялык жол менен таза жана ачык-айкын өткөрүп берүүгө багытталып жатканын белгиледи.
Төрага коррупция, сот системи, күч түзүмдөрүн реформалоо, улуттук экономиканы либералдаштыруу жаатында иш уланып жатканын, бул боюнча Европа биримдигинин, анын ичинде Германиянын колдоосу керектигин белгиледи.
Өз кезегинде Ангела Меркель Германия Кыргыз мамлекетине көрсөткөн ар тараптуу жардамын уланта берерин жана Кыргыз бийлигинин парламенттик демократия куруу аракетин жогору баалаарын билдирди. Ошондой эле канцлер эки өлкө ортосунда кызматташуу жакшы жолго коюлганына жана соода-экономикалык тармагы потенциалдуу экенине карабастан, аталган тармак жай өнүгүп жатканына токтолду. Германия тараптан чакан жана орто бизнести алга жылдырууда колдоо боло турганына ишендирип өттү.
Соңунда Жогорку Кеңештин төрагасын эки тараптуу кызматташтык мамилелерди бекемдөө максатында Германияга иш сапары менен келүүгө чакырды.
Жолугушууга Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери жана эки тармактык комитеттин төрагасы да катышты.