Сокулук районунда унаа уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июль күнү милицияга арыз менен 52 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 13-июль күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн короосунда турган Ауди 100 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 120 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 17 жаштагы Маевка айылынын И.Ф. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.