Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Улуттук оюндар боюнча дирекция сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөрдүн арасында муляж жасоо боюнча сынак жарыялады. Маалым болгондой, сынак II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дарядыктын алкагында уюштурулууда. Анын салмагы 32 килограммдан 35 килограммга чейин болуп, 16 оюнга чыдоосу керек. Сынакка 50 миң сом бөлүнгөн. Аталган мекеме катышуучулардын билдирмелерин 30-июлга чейин кабыл алат.
Эскерте кетсек, ЮНЕСКО буга чейин жандыктарды аёосуз кордоого каршы экенин белгилеп, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган.