СССРдин Эл артисти, кыргыздын улуу актёру, залкар сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин борборуна орнотула турганын мэриянын маалымат кызматы билдирип, эстеликтин үлгүсүн жарыялады. Актёрдун айкели Чүй кең көчөсү менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлат.
Белгилей кетсек, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, төрт жолку Кинематографисттер биримдигинин "Эркектин эң мыкты ролу үчүн" дипломунун ээси жана Кинематографисттер, Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.