Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгына 14-июлда болжол менен саат 01:30дарда Юнусалиев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннери белгисиз адамдар тарабынан сыйрылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу чыгып, иликтөө иштерин жүргүзгөн.
Бул факт боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылгандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын бүгүн, 15-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.