Сынактан өткөн абитуриент 17-июлга чейин тандаган адистиги боюнча окуй турганын тастыктоосу зарыл. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Эгерде аталган убакыт ичинде сынактан өткөн абитуриент кесибин тандабаса, анын орду бош деп эсептелет. Ошондой эле 1-турдан кийин ЖОЖдо бош бюджеттик орун калса, 18-июлдан 23-июлга чейин 2-тур болуп, ал эми 3-тур ушул эле айдын 25-30уна чейин өткөрүлөт, абитуриенттер 3-турда ЖРТ сертификатынын өзүн өткөрүшөт. Келишимдик негизде окууга тапшыруучу абитуриенттер ЖРТдан босого баллынан кем эмес жыйынтыкка ээ болуусу шарт. Маданият жана спорт жаатындагы ЖОЖдорду тандагандарга ЖРТнын жыйынтыгы керек эмес. Эске салсак, билим берүү министрлиги өткөрүү баллды 2015-жылдагы 110 балл көрсөткүчүндө калтырган.