Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек дарыясындагы көпүрө ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек дарыясынан өтүүчү көпүрө ишке кирди. Бул тууралуу аталган облус боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда кабарлады.

Аталган көпүрө республикадагы эң узун көпүрө болуп саналат. Анын узундугу 94 метрди түзүп, туурасы 12 метрге барабар.

“Райондук администрация, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү жана жергиликтүү элдин бирдиктүү иш жүргүзүүсүнүн жыйынтыгында Эңилчек дарыясынын көпүрөсү салынып бүттү”, - деп кошумчалады Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul1987
2016-07-15 19:38:01
Оо жакшы жаңылык болду. А то араң Эңилчекке барып келүүчү элек Кудайлап атып өтөт элек ушул көпүрөдөн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан