8-апрелде Жалал-Абад шаарында волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун Жогорку Лигасынын 2-туру старт алды. Ошондой эле мелдештин биринчи күнкү жеңүүчүлөрү аныкталды. Таймаштын жүрүшүндө командалар төмөндөгүдөй упай алышты:
“Чаткал”– “Дархан” 3:2,
“Жаштык-Сузак” – “Жаш-Күч” 3:1.
Бүгүн, 9-апрелде “Дархан” - “Жаштык-Сузак”, “Жаш-Күч” - “Теңир-Тоо” командалары беттешмекчи.