Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет Абдырахманов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр С.Жээнбеков белгилегендей, мектептин курулушуна багытталган каражаттар өз убагында бөлүнүүдө, ошондуктан ишке жалданган компаниядан мектептин курулушун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү талап кылынат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, 2016-жылга карата бюджеттен мектептин курулушуна 32 миллион 400 миң сом каралган.
Ошондой эле премьер-министр Нарын шаарынын суу тазалоочу жайын реконструкциялоонун жүрүшү менен да таанышты. Белгилүү болгондой, суу тазалоочу жайды модернизациялоо боюнча долбоор эл аралык финансылык институттардан тартылган каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.