Аламүдүн районунда күйүүчү май ташыган унаа 200 литр майы менен жарылып, жанындагы 2 унаа да күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылынын Гидростроитель көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (ичиндеги 200 литр майы менен 2 челек жарылган) толугу менен, Ауди 80 унаасы толугу менен, ГАЗ 53 үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти.
"Өрт өчүрүүчүлөр ГАЗ 53 унаасынын күйүп жаткан арткы 2 дөңгөлөгүн өчүрүшүп, коопсуз жерге сүйрөп чыгышкан жана цистернадагы 5 тонна солярканы сактап калышты. Учурда унаалардын ээси жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.