8-апрелде борбор шаардагы Дене тарбия жана спорт академиясында ЖОЖдордун кыздар командалары арасында өткөн баскетбол мелдеши аяктады. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Мелдешке шаардагы жана аймактардагы ЖОЖдордун атынан 16 команда катышып, 1-орунду Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, 2-орунду Ош технологиялык университети ээледи. Ал эми 3-орунга Кыргыз-Орус Славян университетинин командасы татыктуу болду.