Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев билдирди.
"Сүйүнбай Эралиевдин каза болгонун бүгүн тааныштардан кечке жуук уктум. Ал көптөн бери ооруп жатканын билем. Ал согушка барып келген киши, бир жагынан карылык... Эми эртең барабыз үйүнө", - деди Ш.Дүйшеев.
Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас облусуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган.
1948-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1974-жылы "Кыргыз Эл акыны" ардактуу наамын алган.
1981-жылы акын А.А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыкка татыктуу болгон.
1986-жылы "Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.
1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.
2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.
Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы берилген.