Тарых жана маданият жылына карата Каракол шаарында алгачкы этнофестиваль болуп өттү (фото)

16-июлда Каракол шаарында Тарых жана маданият жылына карата "Улут баскан улуу жол" аталышындагы биринчи түнкү этнофестиваль орун алды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анда "Кыргыз айылы - каада-салт ордосу" программасынын алкагында кыргыздын үрп-адаты, салты жана кыргыз элинин жашоо-тиричилиги: боз үйдө конокторун күтүп жаткан үй-бүлө, балдардын селкинчек тепкени, казанда боорсок бышырылып жатканы, элечек кийген апалар ырдап кичинекей кыздардын чачын өрүп жатканы көрсөтүлдү. Андан алысыраакта келген элге ооруган адамды ата-бабалар кандай ыкма менен дарылаганы тууралуу ырым-жырымдар көрсөтүлгөн. Көчмөн элдин салты, турмушу тууралуу сахналаштырылган көрүнүштү "Көчмөндөр жаңырыгы" программасынан көрүүгө мүмкүн болду.

"Бул жердеги салт-санаа, үрп-адаттардын көбүн алгачкы ирет көрүп жатам. Биз үй-бүлөбүз менен көрдүк. Өзүбүздүн салттарыбызды көп билбегенибиз өкүндүрөт, андыктан мындай иш-чараларды көбүрөөк өткөрсө жакшы болмок", - дейт этнофестивалдын катышуучусу Назгүл Бакирова.

"Улут баскан улуу жол" аталышындагы биринчи түнкү этнофестивалда кыргыз элинин көп түрдүү жана бай маданияты, кыргыздын тарыхы, өздүгүн билдирген улуттук кийимдердин улуулугу, кооздугу, өлкөнүн бардык аймагында жашаган элдин биримдиги чагылдырылды.

"Улуу кыргыз дөөлөтү" программасында тарыхый, көркөм фильмдер коюлуп, китеп жарманкеси, "Үркүнгө 100 жыл" аталышындагы атайын көргөзмө орун алган.

"Калпак фестивалы" шоу-программасында атайын сахналаштырылган көрүнүш тартууланып, анда калпакты, элечекти кийүү боюнча мастер-класстар көрсөтүлгөн. Кечке чейин жана түнү бою майрамдын катышуучуларына маскарапоздор күлкү тартуулап, майрамдык концерттер коюлган. Соңунда ырчылардын катышуусунда гала-концерт уюштурулуп, оттуу шоу менен жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tyrgon
2016-07-18 12:04:49
Баракелде суйунууп турам :)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан