"Манас" аэропортунан башка адамдын паспорту менен учууга аракеттенген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек-Стамбул каттамы боюнча №6777-рейсти текшерүү учурунда 1996-жылы туулган кыз кармалган. Ал башка адамга тиешелүү паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал кыз УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.