Бишкекте алтын уурдаган аялды Верный аттуу ит издеп тапты

8-апрелде Бишкек шаарынын тургуну, 30 жаштагы Екатерина Карнаухова үйүнөн 105 миң сомдук алтын буюмдары уурдалганын айтып милицияга кайрылган. Укук коргоо кызматкерлери жана милиционер-кинолог Аскат Казыбеков Верный аттуу ити менен окуя болгон жерге жетип барышып, кылмыштын бетин аталган ит ачып берди. Алтын буюмдары сакталган кутучаны жыттаткан соң ит ошол эле үйдүн 3-кабаттагы 41-батирге барып, кетпей үрүп туруп алган. Аталган батирде жашаган 32 жаштагы Елена аттуу аял эшиктин кичинекей тешигинен милиция кызматкерлерин көргөн соң жабырлануучуга телефон чалып, уурулук кылганын моюнга алган. Андан соң кылмышка шектүү жаран уурдап алган буюмдарды сырттан, жерге көмүлүп турган жеринен алып чыгып берди.  Маалым болгондой, жабырлануучу менен айыпталуучу жакын достордон болгон. Бул факты боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. 

 

Сүрөттө:

Милиционер-кинолог Аскат Казыбеков “Верный” аттуу ити менен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан