Еревандын Эребуни аймагында полициянын имаратын басып алган куралчан топ барымтадагы 4 кызматкерди коё берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда куралчан топ дагы 5 кызматкерди барымтада кармоодо. Полиция имаратын басып алгандар курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана ташуу боюнча айыпталып 2 айга камакка алынган "Жаңы Армения" коомдук куткаруу оппозициялык фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышууда.
"Барымтадагы кызматкерлерди коё берүү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, куралчан топ полиция имаратын 17-июль күнү эртең менен басып алган. Натыйжада полициянын полковниги каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.