Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Ак-Бата айылында "досун өлтүрүп, короосуна көмүп салган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июль күнү милицияга Ноокен районунун Ак-Бата айылынын 1960-жылы туулган Б.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 1991-жылы туулган баласы дайынсыз жоголуп кеткенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында жоголуп кеткен жаран 10-июль күнү саат 23:00 чамасында А.К. аттуу классташынын үйүнөн спирт ичимдигин ичип, урушуп кеткени аныкталган. Кылмышка шектүү катары Кочкор-Кыштак айылынын 1991-жылы туулган А.К. аттуу тургуну кармалган.
"Кылмышка шектүү таяк менен досунун башына чапкан. М.Т. аттуу жаран оор жаракаттан улам каза болуп калган. Кылмышын жашыруу максатында кылмышка шектүү А.К. маркумду өз короосуна көмүп койгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.