Балыкчы шаарында бир жактуу жабылган унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды

Балыкчы шаарында бир жактуу жабылган унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"КРнын ӨКМнын Балыкчы шаардык бөлүм башчысы жана Балыкчы шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн 4 куткаруучу окуя болгон жерге барып тазалоо иштерине катышууда. Таңкы саат 04:00 чамасында бир жактуу жабылган унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды, кеңейтүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Тазалоо иштерине Чүй облусунун Кемин районунун №32-ЖТИ ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 6 жүк ташуучу унаа, кошумча №955-Жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 жүктөгүч, 1 трал, 4 жүк ташуучу унаа тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан