Коомдук жайларда жасалган кылмыштар өткөн жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы коомдук жайларда 1323 кылмыш, анын ичинен 492 кылмыш көчөдө жасалган. Өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны 14,4 пайызга кыскарган.
"Учурда милициянын кызматын жакшыртуу боюнча бир катар иштерди аткарып жатабыз. Кылмыштуулуктун санын кыскартып, коомдук тартипти камсыздоодо бардык күч-аракеттер жумшалууда. Патрулдук милиция кылмыш катталган жерге 5-7 мүнөттүн ичинде барып, кылмыштарды териштирип жатат", - деп билдирди ИИМдин Башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев.
"Адам өлтүрүү, уурулук жана башка оор кылмыштар азайды. Жол кырсыктары 18 пайызга азайды. Жалпы жыйынтык боюнча кылмыштуулук 5 пайызга азайган", - деп кошумчалады Абдыжалиев.
Абдыжалиевдин айтымында, ушул жылдын март айынан баштап 36 миңден ашуун жол кырсыгы катталган.