СУПЕРСТАН: "Мыйзамга өлүм жазасын киргизүү үчүн соттор адилеттүү иштеши керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мыйзамга өлүм жазасын киргизсе, кылмыш иштери азаябы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Кыргыз жеринде кылмыш иштери өтө көбөйүп баратат. Кыз зордуктоо, адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштардын саны өсүп жатат. Камакта отуруп чыкканда дагы, "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, башка кылмыштарды да жасашы мүмкүн. Болуп жаткан кылмыштарды уксаң үрөйүңдү учурат. Эгерде мыйзамга өлүм жазасын киргизсе, кылмыш иштери азаябы?"

"Кылмыш иштери азаябы билбейм. Бирок кылмышкерлерди (оор кылмыш кылгандар) камап, аларды баккандан көрө, өлүм жазасын бере турган болсо кылмыш азайбаса да, жок дегенде кылмыш кылгандар татыктуу жазаланмак деп ойлойм. Мен өлүм жазасын киргизиш керек деп ойлойм".

"Мыйзамга өлүм жазасын киргизүү үчүн соттор адилеттүү иштеши керек. Бизде соттор ак адамды каралап, күнөөлүү адамды актап коюшат. Ошон үчүн бир нерсе дей албайм".

"Өлүм жазасын киргизишсе коррупция азаймак деп ойлойм".

"Бизге өлүм жазаны киргизүү кыйынга туруп калат. Эгерде кимдир бирөөнүн инисин же агасын өлүм жазасына тартса, анда жабырлануучудан өч алабыз деп анын туугандары чыгат. Кокус алар да бирөөсүн өлтүрүп коюшса кантет? Бул оңой эмес".

"Коррупция түбү менен жоюлса, бул жазаны киргизүү туура болот. Бирок мыйзам катуу иштеш керек. Болбосо башка бирөөлөргө доомат, жалаа жабылып, бейкүнөө адамдар өлүп кетүүсү мүмкүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KUMKA
2016-07-19 11:56:03
Олум жазасын киргизуу керек. Ансыз деле бей-бечаралар соттордун курмандыгы болуп, олум жазасыз деле кунуго олум болуп, тойдон олум коп болуп баратат.Менин сунуштайт элем.Укук коргоо органдары мыйзамды бузса мыйзам 2 эсе катуу жоопкерчиликке тартылыш керек.2-3 сотту,прокурорду резултатка олум жазасына тартыш керек.2-3 адам менен кыргыз эли тугонуп кетпейт.жакшы жеп, жакшы жашоодо жашаган адамдардын жаны ширин болот,ошондо корот элек, эшектей иштеп,аарыдай закон сактаган сотторду..
0
blood
2016-07-19 12:29:18
Эээй кыршыз станда жаш имкерлерге оорун беришпейт анан кайдагы олум жазасы? Жаштарга берейли дешпейт азыр юрфакты буткон жаштар ото эле коп
0
aibekkk
2016-07-19 13:01:09
биздин бийлик али даяр эмес олум жазасын киргизууго алар ал жазаны озунун арам кызыкчылыгына колдонуп жиберет мына былтыр терорчулур деп балдарды атып салышты эмнегедир ал балдар баары мурда анча мынча биздин чондорун кылтык итерин билген экен анан тероррист болуп кетиптир олум жазаныда ошентип колдонуп боодо беекуноо адамдар олуп кетет
+1
admiral
2016-07-19 13:10:15
Биздин соттор адилеттүү иштейт деп ким кепилдик бере алат? Мен эч эле ишенбейм сотторго, биздин соттор аман эле болушсун, ачка үчүн өзүнүн бир тууганында отургузуп койгонго даяр! Эгер өлүм жазасын киргизсе, күнөөсүз адамдар да кетип калышына шек жок!

Жогорудагы замандаш айткандай өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмеспиз
+1
barakcha
2016-07-19 20:54:43
Олум жазасын киргизууго даяр эмеспиз деп ойлойм.Анткени сот системинде адилеттуулук жок.
+1
Kara-balta
2016-07-19 22:33:57
Кудайдан корккон адилетту соттор керек бизге азырынча керек емесго деп ойлойм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан