Токтогул районунда айдоочу жолдон чыгып кетип, 4 жүргүнчү жеңил жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:20 чамасында Чычкан капчыгайынын 268-чакырымында Нубира үлгүсүндөгү унааны башкарган Абубакир К. аттуу айдоочу унаасы менен жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 1968-жылы туулган Өмүржан С., 1984-жылы туулган Дилмурат Т., 1992-жылы туулган Миркамил Б. жана 1990-жылы туулган Алишер М. аттуу жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унааны жолго чыгарып, жаракат алгандарды жолдон өткөн унааларга салып, ооруканага жөнөтүшкөн.