Жаңы гана мектепти аяктап, билим деңгээлин жогорулатуу максатында жогорку окуу жайларга агылган, билимге суусаган жаштар миңдеп саналат. Алардын арасында айрымдары мугалимдик кесипти тандап алса, айрымдары чет тилинен котормочулук адистигин алууга ашыгышат. Ал эми дагы бири жөн гана темир ширетүүчүлүккө кызыкса, дагы бири калктын саламаттыгы менен күрөшүүгө ынтызар.
Учурда Бишкек шаарында миңдеген абитуриенттер жогорку окуу жайларында топтошуп, документтерин тапшыруу менен алек болууда. Айрымдары шаардагы сейил бактарда алдыдагы сынактарга даярданып отурушат.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары кучагына миңдеген абитуриенттерди батырып келет. Учурда окуу жайлар документтерди кабыл алуу иштерин кызуу жүргүзүүдө. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген абитуриенттер боюнча маалымат даярдап, окурмандарга сунуш кылуу үчүн борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын бирине баш бактык.