Германиянын Тройхтлинген станциясынан Вюрцбургга сапар алган поездде балта менен кол салуу болду. Натыйжада 15 адам жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ кечки саат 21:15 чамасында аталган багыт менен кетип бараткан поездде орун алган. Анда белгисиз жаран белгисиз себептерден улам вагондун ичиндеги жүргүнчүлөргө балта жана бычак менен кол салган.
"5 адам оор жаракаттарды алган, жалпысынан 15 адам жабыркады. Учурда алар психологиялык шок абалында. Жабыркагандардын ичинен төртөө гонкгондук туристтер. Кылмышка шектүү 17 жаштагы Ооганстандын жараны экени аныкталды. Ал поездди токтотуп, изин жашырууга аракет кылган. Аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат полициянын маалыматында.