Сузак районунун Масадан айылында 31 жылдан бери мектептин курулушу бүтпөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырали Иманов билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш 1985-жылы Советтер Союзунун убагында башталып, токтоп калган. 2004-жылы Өнүктүрүү фонду тарабынан долбоор ишке ашырылып, 5 миллион 474 миң сомдук жумуш аткарылган. Бул каражатка спортзал жана ашкана курулган.
"Мектептин курулушун улантуу боюнча мага чейин иштеген айыл өкмөттүн жетекчилери 25 жылдан бери тийиштүү кызматтарга кайрылып келишкен. Жыл сайын бюджеттик планга киргизүү каралганы менен, иш жүзүндө каражат бөлүнбөй келет. Мектептин 60 пайызы бүткөн. Дагы 40 миллион сом каражат болсо, мектеп толугу менен бүткөрүлмөк", - деп кошумчалады Иманов.
Айыл аймак башчысынын айтымында, учурда 390 окуучу Масадан айылындагы бала бакчада билим алууда. Эгерде мектеп курулуп бүтсө, окуучулар чыгарылып, 60 орундуу бала бакча ишке кирип каларын айтат ал.