Ош облусунун Жапалак айыл аймагынын Тээке айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Курулуш ишинин башталышында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары катышты. Шаар мэри Кадырбаев мектептин пайдубалын түптөө үчүн капсула салды.
Маалыматка ылайык, жаңы мектептин сметалык баасы боюнча долбоор 45 миллион сомго жазылган. Ал эми тендердик баасы 29 миллион 545 500 сомду түзгөн.
Буга чейин акыркы бир жыл аралыгында Жапалак айыл аймагында 4 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилген.