Кыргыз Эл артисти Берик Алимбаев каза болду

Кыргыз Эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев 20-июль күнү 79 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Аны менен коштошуу зыйнаты 22-июль күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Берик Алимбаев 1936-жылы 30-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1947-жылга чейин Фрунзедеги Н.Крупская атындагы балдар үйүндө тарбияланып, андан кийин Ленинграддагы хореографиялык училищеге тандалып алынган. 1956-жылы ал окуу жайды аяктап, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында иштеп баштаган. 1967-жылы Фрунзе шаардык кеңешине депутат болгон жана "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти" деген наамды алган. 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muradil015
2016-07-21 11:50:31
Жайы жаннаттан болсун
+3
vangolu
2016-07-21 15:15:46
Окунучтуу Арты кайрылуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан