20-июлда Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир нече үйдү каптап кетүү коркунучу жаралганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 21-июлда кабарлады.
Маалыматка таянсак, Алай районунун Алай айыл аймагында 20-июль күнү саат 02:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Чий-Талаа айылынын чыгыш тарабындагы тоолордон сел агындылары түшүп, Чий-Талаа айылын сугат суу менен камсыз кылган жалпы узундугу 4 чакырым каналдын көпчүлүк бөлүгү сел агындыларына толуп калган. Учурда 60-70 турак жайды каптап кетүү коркунучу пайда болду. Сопу-Коргон айылынын чыгыш тарабында курулган 4 сел тосмосу жана түндүк чыгыш Бөкөймө каналынын 2 чакырымы, Тескей каналынын 3 чакырым аралыгы сел калдыктарына толуп калган. 25-30 турак жайды каптап кетүү коркунучу пайда болду.
Андан сырткары Сары-Таш айыл аймагында 19-июлда саат 16:50 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 112-132-чакырымдарында 7 жерден сел агындылары түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Ошондой эле Алай айыл аймагында Сопу-Коргон-Терек унаа жолунун болжол менен 6 жеринен сел агындылары түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан жана Аскалы айылына баруучу унаа жолунун 7 жеринен сел агындылары түшүп, жол убактылуу жабылган. 20-июль күнү Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу толук тазаланып, жол ачылган.