Франция менен Америка “Ислам мамлекети” террордук уюмуна сокку урууну пландап жатат

Франция менен Америка Кошмо Штаттары “Ислам мамлекети” террордук уюмуна биргелешкен сокку урууга даярданып жатканын Франция өкмөтүнүн өкүлү Сефан Ле Фоль "Reuters" агеттигине айтып берди. Чабуул Ирактагы Мосул шаарына жасалат.

Ле Фолдун айтымында, Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дрнан учурда АКШда биргелешкен кол салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындан мурун айтылгандай, 20-21-июлда Вашингтондо “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы коалициянын курамындагы өлкөлөрдүн коргоо жана тышкы иштер министрлеринин катышуусунда конференция өтөт. Аталган иш-чаранын негизги темасы Мосул шаарын террорлордон бошотуу болмокчу.

Эске салсак, 16-июлда “Ислам мамлекети” Франциянын Ницца шаарында болгон теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындан тышкары 18-июлдагы Германияда орун алган поезддин 15 жүргүнчүсүнө балта менен кол салууга дагы аталган уюмдун тиешеси бар деген божомолдор айтылган.
Бир нече күн мурун Франциянын президенти Франсуа Олланд Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн "Шарль де Голль" учак конуучу кемеси кайрадан “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн Перс булуңуна ушул күздө барарын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан