Еревандагы демонстранттар менен полиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышта 50дөн ашык адам жабыркады

Еревандагы демонстранттар менен полиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышта 50дөн ашык адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, бейшембиге караган түнү барымтага алынган имараттын жанында демонстранттар полиция кызматкерлерин көздөй таш ыргытышкан. Ага жооп иретинде полиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Кагылыш учурунда 51 адам жабыркаган. Алардын 28и полиция кызматкерлери экени айтылууда.

Айта кетсек, 17-июль күнү куралчан топ полиция имаратын барымтага алган. Алар бир канча кызматкерди барымтага алышып, “Жаңы Армения” оппозициялык фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну жана Армениянын президенти Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Emil0211
2016-07-21 11:54:22
Тынч жер калбады го акыркы убакта
0
bek.kgz
2016-07-21 12:00:12
Emil0211, жооттор тынч жатат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан