Малайзиядан келген мугалимдер көл жээгинде кыргыз окуучуларына англис тилин үйрөтүп жатышат (фоторепортаж)

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын 7 дубанынан чогулган мектеп окуучуларына англис тилин үйрөтүү иштери башталды. Сабакты Малайзиядан келген мугалимдер өтүп жатышат. Алар иштерин окуучуларды жакындан тааныштыруу менен башташты. Ошондой эле эс тутумду жакшыртуу үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп жатат. Бүгүнкүгө таанышуу, көл жээгинде эс алуу, англис тилинде баарлашуу (talking club) жана 1 сааттык сабак каралган.

Малайзиядан келген англис тили мугалими Шахрул Бариа Бинти Отман окутуу ыкмалары тууралуу буларга токтолду:

"Ар башка аймактардан келген балдардын жакындан таанышуусуна, достошуусуна түрдүү оюндар жардам берет. Андыктан оюндар менен сабак окутуу ыкмасы колдонулат. Алсак, оюндун эрежеси боюнча, англис тилинде бир окуучу башка окуучуга бир эле суроо бере алат. Ошентип баарына бирден суроо берип жатып баарын жакындан билүүгө, англис тилин өздөштүрүүгө шарт түзүлөт".

Окутуу программасы Ысык-Көлдө 26-июлда аяктайт.

Белгилей кетсек, иш-чараны Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштуруп жатат. Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасына катышуу үчүн Малайзиядан англис тили мугалимдери жана мектеп окуучулары Кыргыз жерине келишкен. Алар өлкөбүздүн 7 дубанынан келген окуучуларга 26-июлга чейин сабак өтүшмөкчү. Калың топ кечээ, 20-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев окуган жалпы билим берүү мектебине барып, аталган жайдын музейи, жетишкен ийгиликтери менен кенен таанышып кайткан. Андан соң алар Ысык-Көлдү көздөй сапар алышкан.

Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bahira
2016-07-21 14:35:56
Мынча соонун ээх кандай жыргал проблема жок мезгилида азыр
0
tyrgon
2016-07-22 12:10:25
Эн соонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан