Борбор калаада белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти, оор жаракаттардан улам жабырлануучу каза болуп калды

Борбор калаада белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти, оор жаракаттардан улам жабырлануучу каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:18 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер болжол менен 30-35 жаштагы аял оор жаракаттардан улам каза болуп калганын аныкташкан. Жабырлануучуну сүзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан