Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Жол-патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:18 чамасында Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада болжол менен 30-35 жаштагы аял каза болуп калган (учурда аты-жөнү такталууда). "Бул факт боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Тойота Прадо унаасынын 25 жаштагы С.Д. аттуу айдоочусу кармалган. Тиешелүү экспертизадан кийин айдоочу соо экени аныкталган. Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.