Бүгүн, 21-июлда саат 11:29да Алай тоо кыркаларында 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди. Анын очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Алай тоо кыркаларында жайгашып, силкинүү күчү Бор-Дөбө айылында 5, Нурада 4, Кара-Киндикте 4-4,5, Сары-Таш айылында 3,5 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор жок.