Майлуу-Суунун жашоочуларын мурда уран казылып алынган жана кайра иштетилген аянттарда радиациялык нурдануудан сактоо камсыз кылынат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы жогорку тобокелдиктеги уран калдыктарын сактоочу аянттарды башкаруу жана ремедиациялоону каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2015-жылдын 4-декабрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосунда кол коюлган.

Мыйзам 2016-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларын мурда уран казылып алынган жана кайра иштетилген аянттарда радиациялык нурдануудан сактоону камсыз кылуу боюнча кырдаалды жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Жогорудагы макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында рекультивация жүргүзүү менен мурда уран казылып алынган аянттардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө Европа биримдиги гранттык каражаттарды бөлүп берет.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу 21-июлда президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан