1984-жылы туулган Жүзүмкулов Акылбек Камчыбекович изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Биринчи Май райондук милиция кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жүзүмкулов борбор калаадагы унаа токтотуучу жайдан чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Бою 175-180 сантиметр. Орто дене түзүлүштө. Кыска кара чачтуу. Бет түзүлүшү сүйрү келет. Сол колунда алтынчы манжасы бар. Кара туфли, кара шым, үстүнө жеңил жайкы кийим кийип жүргөн.
Акылбек Жүзүмкуловду көргөн-билгендер болсо, Биринчи Май райондук милиция кызматы төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуну суранат:
(0312) 56-82-60, (0551)10-25-38, (0551) 10-21-62, (0552) 10-22-71, (0551) 10-21-63