Аламүдүн районундагы колбаса чыгаруучу цехтеги өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 40 тонналык 18 контейнер, 20 тонналык 4 контейнер, 40 тонна күн карама даны, картон таңгактары, полиэтилен баштыктар, станоктор, конвейерлер жана макулатура күйгөн. Өрттүн келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
Айта кетсек, өрт кечээ саат 10:00 чамасында башталып, 1000 чарчы метрден көп жерди кучагына алган. Өрттөнгөн цех “Салих” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон.